Ат-Башы районунун прокуратурасынын демилгеси менен Ат-Башы райондук мамалекеттик администрациясынын жыйындар залында Ат-Башы районунун аймагында болуп жаткан “Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун, балдар тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу” темасында жыйналыш болуп өттү.
Иш-чарага Ат-Башы районунун прокурору К.Нуруллаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Ж.Жантелиева, Ат-Башы РИИБнин башчысынын орун басары Н.Акимов, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Солтобаев, райондогу мектептердин социалдык педагогдору, Ат-Башы, Ак-Моюн, Кара-Суу, Баш-Кайыңды жана Казыбек айыл өкмөттөрүнүн башчылары, соцкызматкерлери, айыл башчылары, Коомдук алдын алуу борборлорунун төрагалары, аталган айыл өкмөттөрдүн аксакалдар соттору, Ат-Башы райондук Социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Аталган жыйында Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун, балдар жана балдарга карата жасалып жаткан кылмыштардын себептери, алардын алдын алуу, болтурбоо, ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү багытында аткарыла турган иштер талкууланып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, тийиштүү мекеме-уюмдарга аткаруусу зарыл болгон тапшырмалар берилди.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- “БИЛИМ” ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ.
- КЫТАЙДАН АТ МЕНЕН КЕЛГЕН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ КЫЗДАРДЫ АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ ЖОГОРКУ МААНАЙ МЕНЕН ТОСУП АЛДЫ.
- ДУБАН БАШЧЫСЫНЫН АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ
- АТ-БАШЫ РАЙОНУНДАГЫ АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАРАНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
- УЛУУ ЖЕҢИШКЕ- 81 ЖЫЛ
Жаңылыктар календары
Июнь 2026 Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Пайдалуу шилтемелер:
Материалдар архиви








