АТ-БАШЫ: МУЗ ТЕБҮҮ УЧУРУНДА КООПСУЗДУК ТАЛАПТАРДЫ САКТАЙЛЫ

      2025-2026-жылдагы кышкы туристтик сезондо Ат-Башы районунун аймагында муз үстүндө тебүү учурунда адамдардын өмүрунө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кырсыктардын алдын алуу максатында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

 Иш-чаралардын алкагында калкка жана туристтерге муз үстүндө жүрүүнүн коопсуздук эрежелери, муздун бекемдигин аныктоо ыкмалары, кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле өзгөчө кырдаал жаралган учурда туура араекттенүү боюнча маалыматтар берилүүдө. Мындан тышкары, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга эскертме баракчалары таратылып, коопсуздук талаптарын сактоого чакыруулар жасалууда.

Ат-Башы райондук ӨКБ кыш мезгилинде эс алуу учурунда сактык чараларын так сактоону, балдарды көзөмөлсүз калтырбоону жана аба ырайынын шарттарын эске алууну эскертет. Коопсуздук эрежелерин  сактоо ар бир жаран үчүн маанилүү экенин белгилеп, кырсыктардын алдын алуу жалпы жоопкерчилик экендигин билдирет.

          

Жооп калтыруу