МУЗ-ТӨР УЧАСКАСЫНДАГЫ ЫКЧАМ ТАЛАА ШТАБЫНЫН ИШИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2026-жылдын 5-июнь күнү аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу, районубуздун Арпа, Ак-Сай жана Жаңы-Жер жайлоолорунда калың жааган карда калган малчыларга ар тараптуу жардам көрсөтүү, зарыл чараларды көрүү боюнча Ат-Башы районунун Муз-Төр участкасында уюшулган райондун акими Мухтар Шербаевдин жетекчилигиндеги ыкчам талаа штабынын иши жыйынтыкталып, штабдын мындан аркы ишин Аксай жайлоосунун Кашка-Суу участкасында жана райондук мамлекеттик администрациянын имаратында улантуу чечими кабыл алынды. Штабдын курамы дээрлик баардык маселелерди, малчылардын саламаттыгы, жолдорду тазалоо жана каттамдарды үзгүлтүккө учуратпоо, тамак-аш коопсуздугу, жем-тоют менен камсыздоо, ветеринардык кызмат, ыңгайлуу жайларга убактылуу көчүрүп туруу жана башка маселелерди жеринде чечип, түзүлгөн өзгөчө кырдаалды ыкчам жөнгө салууга жетишилди.

Күн-түн иштеген штабдын курамына ӨКМ Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жана райондук бөлүмүнүн ыкчам топтору Ат-Башы РИИБ, чек ара кызматкерлери максималдуу жардам берип турушту.

Опурталдуу абалдан чыгымдар да болбой койгон жок, кемчиликтер да болуп жатты. Кантсе да колдон келген баардык аракет көрүлдү жана көрүлүп жатат!!!

Башкысы, элибиз аман, жерибиз тынч болсун!!!

 

Жооп калтыруу