ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН

2026-жылдын 30-майында Ак-Моюн айылында аялдар кеңеши уюштурган “Энелер күнүнө” арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты-“Тарбия үй-бүлөдөн башталат” деген улуу наркты даңазалоо, жаш муундарга улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды, үрп-адаттарды жана энелердин коомдогу ордун кеңири таанытуу болду. Ошондой эле ата-бабалардан мурас болуп келген улуттук тамак-аштардын түрлөрүн, кол өнөрчүлүктү көргөзмөгө коюп, кыргыз элинин бай маданий мурасын кийинки муундарга өткөрүп берүү максат кылынып, катышуучулар улуттук каада-салттар боюнча сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашып, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырышты. Энелердин үй-бүлөнү бекемдөөдө, балдарды тарбиялоодо жана улуттук нарктарды сактап калууда кошкон салымын өзгөчө белгилешип, конкурста жеңген командаларга жана активдүү катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, энелерге терең ыраазычылык билдирилди.

Жооп калтыруу