КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ӨТКӨН ЭЛДИК ЖЫЙЫНДА КӨТӨРҮЛГӨН МАСЕЛЕЛЕР

2026-жылдын 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаровдун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагында өткөн элдик жыйында тургандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы райондук мамлекеттик администрациянын өзгөчө көзөмөлүнө алынып, учурда айыл өкмөтү жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп, конкреттүү жыйынтыктарга жетишилүүдө.

Кара-Суу айыл аймагында таза суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында жаңы резервуар куруу боюнча сунуш берилген. Аталган долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 7 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуш материалдары толугу менен алынып келип, суу түтүктөрүн орнотуу үчүн 1 чакырым жер казылып бүттү. Учурда суу түтүктөрү төшөөлүп жатат жана резервуардын пайдубалын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Жибек-Жолу (Кирпичный) айылынын тургундары тарабынан көтөрүлгөн таза суу маселесин чечүү үчүн райондук өнүктүрүү фондуна 2 миллион 570 миң сомдук долбоор сунушталып, жактырылды. Райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу менен долбоор тендердик процедуралардан ийгиликтүү өтүп, келишим түзүлдү. Жакынкы 10-15 күндүн ичинде курулуш-монтаждоо иштери башталат.

Терек-Суу жана Калинин айылдарынын тургундары тарабынан көтөрүлгөн жол маселеси боюнча да иштер жүрүүдө. Тактап айтканда, Ача-Кайыңды-Калинин багытындагы унаа жолунун 7-13-чакырым аралыгында оңдоо жана асфальт төшөлүп бүттү.

Элдик жыйындарда айтылган сунуш-пикирлер жана көйгөйлөр жеринде каралып, алардын чечилишин камсыздоо боюнча тиешелүү иштер мындан ары да улантылат.

Жооп калтыруу