МУЗ-ТӨР УЧАСКАСЫНДАГЫ ЫКЧАМ ТАЛАА ШТАБЫНЫН ИШИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2026-жылдын 5-июнь күнү аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу, районубуздун Арпа, Ак-Сай жана Жаңы-Жер жайлоолорунда калың жааган карда калган малчыларга ар тараптуу жардам көрсөтүү, зарыл чараларды көрүү боюнча Ат-Башы районунун Муз-Төр участкасында уюшулган райондун акими Мухтар Шербаевдин жетекчилигиндеги ыкчам талаа штабынын иши жыйынтыкталып, штабдын мындан аркы ишин Аксай жайлоосунун Кашка-Суу участкасында жана…

Толук окуу…

ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН

2026-жылдын 30-майында Ак-Моюн айылында аялдар кеңеши уюштурган “Энелер күнүнө” арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш чаранын негизги максаты-“Тарбия үй-бүлөдөн башталат” деген улуу наркты даңазалоо, жаш муундарга улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды, үрп-адаттарды жана энелердин коомдогу ордун кеңири таанытуу болду. Ошондой эле ата-бабалардан мурас болуп келген улуттук тамак-аштардын түрлөрүн, кол өнөрчүлүктү көргөзмөгө коюп, кыргыз элинин…

Толук окуу…

КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тапшырмасы менен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн кыргыз тили коммиссиясынын курамы тарабынан райондун аймагындагы дүкөндөрдү, соода борборлорун, сулуулук салондорун жана техникалык тейлөө станцияларын кыдырып, көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жазуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик субъектилерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ БОЛУП ӨТТҮ

2026-жылдын 29-майында Ат-Башы районунда өткөн акыркы коңгуроо салтанатына райондогу бардык мектептерге райондук жетекчилер шефтикке бекитилди. Жетекчилери мектептин инфраструктурасын, материалдык техникалык базасын чыңдоо, билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча ар тараптуу колдоо иштерин алып бараары белгиленди. Район аймагында баардык мектептерге райондук жетекчилер дал ушул максатта шефтикке бекитилди. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА КИТЕПКАНАЧЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ат-Башы районунда китепканачылар күнү өзгөчө салтанаттуу маанайда белгиленди. Майрамдык иш-чарага Ат-Башы районунун акими М.Шербаев жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Кадыралиев катышып, китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Конференция залында өткөн жолугушууда жетекчилер китепканалар-билимдин, руханий байлыктын жана маданияттын негизги очогу экенин белгилешти. Алар бүгүнкү күндө…

Толук окуу…