Ат-Башы районунда китепканачылар күнү өзгөчө салтанаттуу маанайда белгиленди. Майрамдык иш-чарага Ат-Башы районунун акими М.Шербаев жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Кадыралиев катышып, китепкана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Конференция залында өткөн жолугушууда жетекчилер китепканалар-билимдин, руханий байлыктын жана маданияттын негизги очогу экенин белгилешти. Алар бүгүнкү күндө китепканалардын коомдогу ролу мурдагыдан да маанилүү болуп жатканын айтып, окурмандарга заман талабына жооп берген жаңыча, заманбап ыкмалар аркылуу сапаттуу кызмат көрсөтүү зарылдыгына токтолушту. Ошондой эле китепкана кызматкерлеринин агартуу тармагындагы үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, алардын жаш муундарды билимге, китеп окууга жана руханий баалуулуктарга үндөөдөгү орду өзгөчө экени айтылды. Жетекчилерге китепканачыларга мындан аркы иштерине ийгиликтерди, чыгармачылык изденүүнү, талыкпаган эмгек жана бекем ден соолук каалашты.
