ЭЛ МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШТЫ БЕКЕМДӨӨ

                  ЭЛ МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШТЫ БЕКЕМДӨӨ.                                                                           МИНИСТР АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ.

2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.Акунбеков Ат-Башы районуна иш сапары менен келип, жарандардын бир катар көйгөйлөрүн укту.

Иш-чарага район акими М.Шербаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым өкүлү Н.Сатаров, аталган министрликтин орун басары А.Жээналиев жана район тургундары катышты.

Жыйындын алкагында сугат суунун каналдарын оңдоо, БДР куруу, мал ооруларына каршы чараларды көрүү, ветеринардык чоң даарыканалардын жоктугу, дары-дармектердин кымбаттыгы жана айыл чарба багытындагы жергиликтүү элдин маселелери көтөрүп жарандар берген суроолоруна тиешелүү жооптордуу алышты.

Жооп калтыруу