2026-жылдын 8-май күнү Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы Кошой-Коргон чеби менен музейинде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев баштаган райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Музей байыркы Кошой-Коргон чебинин тарыхын, археологиялык табылгаларын жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо максатында түзүлгөн.
Бул аймак Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашып, илгертеден маанилүү соода жана коргонуу жайы катары белгилүү болгон. Археологиялык казуулар учурунда табылган карапа идиштер, темир буюмдар жана байыркы экспонаттар музейге коюлган. Музей бүгүнкү күндө тарыхты таанытуу менен бирге туристтерди кабыл алган маданий жай катары да кызмат кылып келет.




