2026-жылдын 30-апрелинде Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүндө 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Китеп той” аттуу маданий иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин улук окуутучусу, акын жана котормочу А.Исмаилов, Кыргыз телерадио корпорациясынын кызматкери, төкмө акын Т.Садырбек уулу, Филология илимдеринин кандидаты, доцент Б.Азизбек улуу, мугалимдер, окуучулар жана китеп сүйүүчүлөр катышышты.
Иш чаранын негизги максаты-китепке болгон кызыгууну арттыруу, окурмандарды көбөйтүү жана авторлордун эмгегин даңазалоо болду. “Китеп той” иш чарасында ар түрдүү жанрдагы поэзиялар окулуп, китептин адам турмушундагы орду, билим алууда жана дүйнө таанууда мааниси тууралуу да жакшы пикирлер айтылды. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө мугалимдерге “Кыргыз тилин заманбап ыкмада үйрөнөбүз” аттуу тренинг болуп, бул өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган маанилүү кадам болду.
