УЛУУ ЖЕҢИШКЕ- 81 ЖЫЛ

Бүгүн 2026-жылдын 9-майында Ат-Башы районунун борбордук аянтында 9-Май Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына карата эскерүү митинги болуп, Нарын облусу боюнча Улуу Жеңиштин жалгыз ардагери Сатынды Жапаров жана согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Сатиева Попи, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев жана Нарын облустук гарнизонунун полковниги Кыялбек Козубеков жана жергиликтүү тургундар катышып, эстелик алдында гүлчамбарлар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерге куран окулду.

Иш чаранын жүрүшүндө аянтка “Жеңиш балдардын көзү менен” аттуу окуучулар тарткан сүрөттөр көргөзмөгө коюлуп, атайын тигилген чатырларда аскерлердин ысык боткосу элге берилди. Мындан сырткары Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган 10 жаштан 12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында жана 50 жаштан өткөн адамдар арасында веложарыш болуп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланып, майрамга карата райондук маданият үйүнүн кызматкери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Улуу Ата Мекендик согуш-адамзат тарыхындагы эң оор жана кайгылуу окуялардын бири. Бул алааматтуу согушта миллиондогон адамдар мекен үчүн жанын берип, эрдиктин улуу үлгүсүн көрсөтүшкөн. Ошол каарман адамдардын катарында биздин жердешибиз Сатынды Жапаров ата азыр Нырын облусу боюнча көзү тирүү Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери болуп саналат. 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. 18 жаш курагында 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Алма-Ата шаарында №32 аткычтар дивизиясында кызмат өтөп, согуш мезгилинде Ленинград шаарын бошотууга катышкан. Сатынды ата 1945-жылы согуштан жаракат алып, аскердик госпиталда дарыланып, ошол эле жылы октябрь айында Ак-Муз айылына келип, чарбачылык иштерде иштеген. Ардагер атабыз 10 баланы тарбиялап, учурда Ат-Башы айылында жашап 27 неберенин, 23 чөбөрөнүн тилегин тилеп, төрүндө жана сыйында.

 

 

Жооп калтыруу