КӨРНӨК-ЖАРНАКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖАЗУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тапшырмасы менен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн кыргыз тили коммиссиясынын курамы тарабынан райондун аймагындагы дүкөндөрдү, соода борборлорун, сулуулук салондорун жана техникалык тейлөө станцияларын кыдырып, көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жазуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик субъектилерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлүп, жарнамалык такталарын жана маалыматтык жазууларын кыргыз тилинде туура жана сабаттуу жайгаштыруунун мааниси белгиленди. Мониторингдин жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, аларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча сунуштар жана эскертүүлөр берилди.

Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан бул багыттагы түшүндүрүү жана көзөмөл иштери мындан ары да улантылып, мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы ордун бекемдөө боюнча иштер системалуу болот. Эскерте кетсек райондук тил комиссиясы тарабынан Ат-Башы районунун баардык айыл аймактарына кыдыруу жүргүзүлөт.

 

Жооп калтыруу