2026-жылдын 10-июнь күнү Ат-Башы районунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздери жана Кибергигиена” темаларында семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары, жарандардын укуктары жана милдеттери, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле интернет мейкиндигинде коопсуз жүрүм-турум эрежелери, киберкоркунучтардан сактануу жолдору жана маалыматтарды коргоонун заманбап ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди.
