2026-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров Ат-Башы районунун айыл аймактарында эл менен жолугушууларды өткөргөн. Жыйындарда тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы жеринде көзөмөлгө алынган.
Бүгүнкү күндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп, бир катар көйгөйлөр чечилүүдө.
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүндө көп жылдардан бери тазаланбай келген Көк-Каптал каналы толук тазаланып, пайдаланууга берилди. Ошондой эле 1-Май жана Өзгөрүш айылдарында көчөлөрдү кеңейтүү, жол боюндагы көрнөк-жарнактарды жаңылоо жана жаңы аялдамаларды куруу иштери аткарылды. .
Көл-Төр жана Жаңы-Жер участокторуна чейинки жолдор көп жылдан бери оңдолбогондуктан, ДЭП-20 ишканасы тарабынан толук грейдерлөө иштери жүргүзүлдү. Учурда бул иштер Арашан, Кашка-Суу жана Кел-Суу багытында да улантылууда.
Белгилей кетчү жагдай, эл тарабынан көтөрүлгөн ар бир маселе Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев тарабынан жеке көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилүүдө.
