2026-жылдын 30-июнунда Ат-Башы районунун прокуратурасынын демилгеси менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жеке ишкерлердин жолугушуусу уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ат-Башы районунун прокурору А.Абжалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы №113 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө”, 2026-жылдын 28-январындагы №18 “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыктарынын талаптары боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы №388 “Укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы менен бекитилген Жобонун талаптары боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Ошондой эле, прокуратура өкүлдөрү ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо максатында мурун да ишкерлерге эскертмелерди таратканын эске салып, албагандарга кошумча маалыматтар таратылып, анда райондун прокуратурасынын ишеним телефону иштеп жаткандыгын маалымдап, ишкерлер өздөрүнүн укуктары бузулган же мыйзамсыз текшерүүлөргө байланыштуу маселелер жаралган учурда Ат-Башы районунун прокуратурасына түз кайрылса болоорун билдиришти.
