Бүгүн, 2026-жылдын 29-июнь күнү, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду жана Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Ат-Башы районунун айыл аймактарынын техникалык базасын бекемдөөгө каражат бөлүнүп, ошол каражаттын негизинде алынган атайын жана айыл чарба техникаларынын ачкычтары тапшырылды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров, Ат-Башы районунун акими М.Шербаев, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана айдоочулар катышты.

