Бүгүн, 2026-жылдын 26-июнь күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаевдин демилгеси менен райондук мекеме жетекчилери мектептерге барып Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгында 200 баллдан жогору алган бүтүрүүчүлөрдү окууда алган ийгиликтери менен куттукташып, колдоо көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга ыраазычылык каттар жана мугалимдерге ардак грамоталар тапшырылды. Эң жогорку балл алган эки бүтүрүүчүгө акчалай сыйлыктын сертификаттары ыйгарылып, ар бир мектеп жамаатына акчалай сыйлыктар берилди.
Белгилей кетсек, 2025-2026-окуу жылында Ат-Башы районунда 1005 окуучу мектепти бүтүрдү. Анын ичинен 743 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, 14 бүтүрүүчү 200 баллдан жогорку жыйынтык көрсөтүп, Ат-Башы районунун бүтүрүүчүлөрү ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 76.4% менен облуста биринчи орунга чыкты. Бул жетишкендик-билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектин, мугалимдердин талыкпас аракетинин, ата-энелердин колдоосунун жана окуучулардын тынымсыз изденүүсүнүн жыйынтыгы.
Ошондой эле Ат-Башы районунун акими Мухтар Шербаев эң алыскы Өзгөрүш айылына чейин барып, жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүнү куттуктады. Район акими өз сөзүндө: “Бүгүнкү жетишкендигиңер эртең өлкөбүздүн келечегине кошо турган салымыңардын башаты. Эртеңки мамлекетибиздин өнүгүшүнө кызмат кылып, азыркы муундун ишин силер улантасыңар. Биз силерге ишенебиз”- деген тилектерин билдирди. Бул кадам өлкөнүн эң алыскы жана шарты татаал аймактарында билим алган окуучулар да чоң ийгиликтерди жарата алаарын ал эми мындай жетишкендиктер келечекте бардык мектептер үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө болгон ишенимди бекемдей турганын айгинелейт.

