2026-жылдын 24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ат-Башы районуна иш сапары менен келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле Ат-Башы районунун тургундары тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана сунуш-пикирлерди угуп, алардын чечилиши боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берерин белгиледи.
Эл менен болгон ачык диалогдун алкагында инфраструктураны жакшыртуу, жол билим берүү, саламаттык сактоо, таза суу жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүүгө багытталган иштерге ыраазычылыктарын билдирип, өздөрүнүн көйгөйлөрү жана сунуштар менен бөлүшүштү.
Бул жолугушуу эл менен бийликтин отросундагы байланышты чыңдоого, жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, аларды чечүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө өбөлгө түздү. Ат-Башы районунун жашоочулары үчүн бул жолугушуу маанилүү окуялардын бири болуп калды.
