
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров 2026-жылдын 15-майында Ак-Моюн жана Баш-Кайыңды айыл аймагындагы эл менен жолугушуусуу болуп өткөн.
Жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди жеринде карап, айыл тургундарынын көп жылдан берки келе жаткан көйгөйлөрү чечилүүдө.
Баш-Кайыңды айыл аймагында муниципалитеттер аралык кызматташуунун жана ашар ыкмасынын негизинде айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иштер кызуу жүрүп жатат. Учурда жалпы узундугу 9 чакырым болгон Сары-Тал каналы тазаланып, оңдолууда. Бул каналдын оңдоп тазалоосу бүтсө 1000 гектардан ашык айдоо аянты сугат суу менен туруктуу камсыз болот. Ошондой эле Өзгөрүш айылынын капталында 3 км болгон Көк-Каптал каналы да тазаланып, 300 гектар жер суу менен камсыз болуп, дыйкандардын эмгегинин үзүрүн арттырууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүлдү.
Чар-Ак-Муз унаа жолунун 3,9-11-7-чакырым аралыгында жалпы 7,8 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө жумуштары аткарылууда. Бүгүнкү күндө жолдун 3 чакырымына асфальт төшөлүп бүтүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.
Аталган долбоорлордун ишке ашырылышы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, сугат суу менен камсыздоону жакшыртат жана жол коопсуздугун жогорулатып калктын жашоо шартын дагы да жакшыртууга өбөлгө түзөт. Аймакты өнүктүрүүгө багытталган бул иштер жергиликтүү тургундардын активдүү катышуусу жана биргелешкен аракеттеринин натыйжасы болуп саналат.