АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АКИМИ М.Н.ШЕРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН КӨЧМӨ КАБЫЛ АЛУУ ӨТКӨРӨТ

2026-жылдын 9-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2026-жылдын 23-майындагы №181 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарынын жашоочулары менен жеринде көчмө кабыл алуу өткөрөт.

  1.   9.07.2026-ж Казыбек, Жаңы-Күч айылдары

              Кабыл алуучу жай: Казыбек айылынын маданият үйү. 

              Жооптуу: Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Болотакунов.

          2. 10.07.2026-ж  Өзгөрүш, 1-Май, Талды-Суу айылдары.

Кабыл алуучу жай: Талды-Суу айыл өкмөтүнүн имаратында.

Жооптуу: Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиев.

Мындай көчмө кабыл алуулар бекитилген графикке ылайык мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп, жарандардын кайрылууларына өз убагында көңүл буруу, көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана эл менен ачык диалог жүргүзүү боюнча иштер системалуу негизде улантылат.

Жооп калтыруу