СЕЛДЕН ЖАБЫР ТАРТКАН ЖАРАНДАРГА АР ТАРАПТУУ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛӨТ.

2026-жылдын 12-июлунда Ат-Башы районунда катталган сел кырсыгынан жабыр тарткан жарандардын чыгымдары райондук мамлекеттик администрациясынын алдында атайын түзүлгөн комиссия келтирилген зыянга баа берүү иштерин жыйынтыктап, жабыр тарткан жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашырууда. Ушул максатта Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында атайын кеңешме өткөрүлүп, селден жабыркаган жарандарга жардам  көрсөтүүнүн комплекстүү механизмдер тартууланып, бал аарычылык жана дыйканчылык менен алектенген жарандарга, ошондой эле техникалары селде калган жарандарга күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу, быйылкы жылга ижара акыларынан жана мыйзамда каралган башка төлөмдөрдөн бошотуу, жеңилдетилген насыяларды берүү, алынган насыялардын төлөө мөөнөттөрүн узартуу (пролонгациялоо), азык-түлүк жана башка гуманитардык жардамдарды уюштуруу, селден улам алынбай калган түшүмдөрдүн ордун толтуруу боюнча мыйзам чегинде тиешелүү колдоо көрсөтүү чечимдери кабыл алынды.

Белгилей кетсек, кырсык болгон күнү эле атайын райондук штаб түзүлүп, штабдын ишин район акими М.Шербаевдин жетекчилиги алдында көзөмөлгө алынууда. Жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүккө жараша этап-этабы менен улантылат. Ошону менен катар, селдин кесепеттерин жоюу боюнча практикалык иштер да уюштурулууда. Облустук суу чарба башкармалыгынын, жол тейлөө ишканаларынын жана айыл өкмөттөрүнүн атайын техникалары толук даярдыкка келтирилди. Сел сууларынын деңгээли төмөндөп, ылай катмары оор техникалардын коопсуз иштөөсүнө шарт түзөөрү менен селде калган автоунааларды бал челектерин жана башка мүлктөрдү чыгаруу иштери башталды.

Мындан тышкары, тоо боорлорунда жайгашкан мөңгүлөрдүн, табыгый жана жасалма көлдөрдүн абалы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп, туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Аталган аймактардагы мөңгүлөр менен көлдөрдүн коопсуздук абалы буга чейин да адистер тарабынан туруктуу бааланып келген.

 

Жооп калтыруу