ЖИБЕК-ЖОЛУ КАЛКТУУ КОНУШУНДА ТАЗА СУУ ДОЛБООРУ ИШКЕ АША БАШТАДЫ

Кара-Суу айыл аймагына караштуу Жибек -жолу (мурдагы Кирпичная) калктуу конушунда элди таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырыла баштады. Бул маселе Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаевдин жеринде эл менен болгон жолугушууларында тургундар тарабынан бир нече ирет көтөрүлүп келген. Көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйдү чечүү максатында тиешелүү каржы каражаттар бөлүнүп, курулуш иштери расмий түрдө башталды.

Долбоор ийгиликтүү ишке ашкандан кийин Жибек-жолу калктуу конушунун тургундары үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болуп, алардын жашоо шартын жакшыртууга олуттуу салым кошот.

Жооп калтыруу