АКСАКАЛДАР СОТТОРУНУН КЕҢЕШИ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ЖОБО БЕКИТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик

кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин

2026-жылдын №01-25/47буйругуна тиркеме

                                         Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотторунун кеңеши жөнүндө 

                                                                                                     Жобо

1-бөлүм. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотторунун кеңешин (мындан ары-Кеңеш) түзүүнүн жана алардын ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.

2.Кеңеш аксакалдар сотторунун ишин координациялоо үчүн түзүлгөн консультативдик-координациялык орган болуп саналат жана коомдук башталышта иштейт.

3.Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктуу актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

2-бөлүм. Кеңештин ишинин принциптери

4. Кеңеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт.

– мыйзамды сактоо;  

– Кыргыз республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген моралдын, адеп-ахлактын, үрп-адаттардын каада-салттардын ченемдерин сактоо.

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талаптарына карама-каршы келбеген өлчөмдө ачыктык жана айкындуулук;

-Кеңештин мүчөлөрнүнанын курамындагы иши үчүн тең укуктуулугунун жана жооп жоопкерчилигинин;

-кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо.

3-бөлүм. Кеңештин максаттары, милдеттери жана функциялары

5.Кеңештин негизги максаты аксакалдар сотторунун институтун өнүктүрүүгө жана алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган аксакалдар сотторунун ишин координациялоо болуп саналат.

6.Кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

-аксакалдар сотторунун ишин координациялоону камсыз кылуу;

-аксакалдар сотторунун мамлекеттик органдар, жергиликтүү соттор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;

-аксакалдар сотторунун чечимдерине мониторинг жүргүзүү, жалпылоо жана алардын зомбулуктун жана социалдык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш чараларды ишке ашырууга катышуусу;

-аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте) алардын  укуктук маданиятын өнүктүрүү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын мыйзамдарга карама-каршы келбеген моралдык, адеп-ахлактык ченемдерин, үрп-адаттарын жана каада-салттарын сактоо боюнча, тараптарды жараштырууда окутууну уюштуруу жана аксакалдар сотторунун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

аксакалдар сотторуна жана алардын мүчөлөрүнө моралдык жана материалдык дем берүү боюнча сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгуу.

7.Максаттарга жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:

-коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда мамлекеттик органдар, жергиликтүү соттор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү; 

-аксакалдар сотторунун системасын өнүктүрүүгө жана алардын кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кеңештин компетенциясына кирген маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган тиешелүү компетенттүү органдарга сунуштарды иштеп чыгуу;

-аксакалдар соттору менен Кеңештин ортосунда маалымат алмашуу механихмдерин иштеп чыгуу;

-аксакалдар сотторунун ишине мониторинг жүргүзүү, анын ичинде иштин статистикасын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча мониторинг жүргүзүү; 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жергиликтүү соттордун жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аксакалдар сотторунун мүчөлөрү үчүн окутуучу иш чараларды уюштуруу;

-аксакалдар сотторунун ишине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата сунуштарды жана сын-пикирлерди даярдоо;

-Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;

4.бөлүм. Кеңештин укуктары жана милдеттери

8. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

-аксакалдар сотторунун системасын өнүктүрүүгө жана ушул Жобо менен Кеңештин компетенциясына кирген маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган сунуштарды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна киргизүүгө; 

-зарылдыгына жараша аксакалдар сотторунун системасын өнүктүрүүнүн бардык маселелерин талкуулоого, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен Кеңештин компетениясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды сурап алууга;

-Кеңештин максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга тиешелүү башка маселелерди кароого жана чечүүгө;

– аксакалдар сотторуна жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө

9.Кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:

-өзүнүн ишинин негизги жыйынтыктарын ачык булактарда (ЖМКлар, мамлекеттик органдардын жана жергиликүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтык сайттары) жарыялоо;

-аксакалдар сотторунун милдеттерин жана функцияларын түшүндүрүүчү маалыматтык кампанияларды калк арасында жүргүзүүгө.

5-бөлүм. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

10.Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

-Кеңештин кароосуна киргизилүүчү бардык маселелерди талкуулоого катышууга, өз пикирин ачык билдирүүгө;

-Кеңештин компетенциясына кирген ар кандай маселелерди Кеңештин кароосуна киргизүүгө;

-талкууланып жаткан маселелер боюнча кеңештин мүчөлөрүнөн маалымат алууга.

11. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

Кеңештин жыйналыштарына жана иш-чараларына катышууга;

-Кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кабыл алынган чечимдерин аткарууга;

-Кеңештин тапшырмаларын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, 

-этика жана купуялуулук ченемдерин сактоого.

12.Кеңештин тапшырмаларын ак ниеттүүлүк менен аткарууга,

-жеке арызы боюнча;

-жыйындарды үч жолудан ашык өткөрүп жиберген учурда Кеңештин чечими боюнча;

-аксакалдар сотунун мүчөсү катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу;

-соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

-аксакалдар сотунун, аксакалдар Кеңешинин чакыртып алуусу;

-Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткендигине байланыштуу;

-сот тарабынан Кеңештин мүчөсү аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылганда, ошондой эле ал өлдү деп жарыялаганда;

-Кеңештин мүчөсү каза болгондо.

6.бөлүм. Кеңештин курамы жана аны түзүүнүн тартиби, Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу, токтото туруу.

13.Аксакалдар сотторунун Кеңеши айылдык аймактарда, шаарларда жана райондордо үч же андан көп аксакалдар соту болгондо 3 мүчөдөн кем эмес санда 4 жылдык мөөнөткө түзүлөт.

 

 

 

 

Жооп калтыруу