Ат-Башы районунда унаа жолдорунун абалын жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жаан-чачындан улам жабыркаган тилкелерди калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда.
Учурда Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолунун 2-43 чакырым аралыгында эки авто грейдер тартылып, жолду кырып-тегиздөө жана жол бетиндеги таштарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 82-94 чакырымында жол жээктерин механикалык жүктөгүчтүнжардамы менен калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле аталган жолдун 8-30 чакырым аралыгында эки автогрейдер менен жолду кырып-тегиздөө жана таштарды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө көңүл акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам жабыркаган жол тилкелерине бурулууда. 10-12-август күндөрү тынбай жааган жаандын кесепетинен келген чоң суудан Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 135-чакырымындагы көпүрөнүн жээктери жабыркаган. Учурда аталган тилкеде калыбына келтирүү жана бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жолдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Жол чарба кызматынын негизги максаты-жолдордун техникалык абалын жакшыртуу менен катар, жаан чачындан келип чыккан кесепеттерди ыкчам жоюп, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарт түзүү болуп саналат.
