Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүндө “Көл-Суу керемети” кышкы фестивалы болуп өттү.
Иш чара Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, район эли жана бир катар чет элдик туристтердин жана Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгармы укуктуу элчиси Габриэла Геллил, БУУНун өкүлү жана ЖК аппаратынан өкүлдөр келип катышты.
Иш чара алгач Манас эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, муз үстүндө кыргыздын улуттук ырлары жаңырып, чимирилген кыргыз бийлери тартууланды.
Район акими Э.Абдыкадыров иш чараны ачып, бул уюштурулуп жаткан фестиваль быйыл үчүнчү ирет уюштурулуп жатканын айтып, максаты ички жана чет элдик конокторго кооз жерлерибизди, улуттук оюндарыбызды даңазалап таанытуу менен туризмди өнүктүрүү жана экологияны сактоого өзгөчө көңүл буруу, көлдүн булганышын алдын алууга жана суу ресурстарын сактоого багытталган.
Бугай чейинки жасаган аракеттин аркасында Кел-Сууга келген чет элдик меймандардын саны көбөйүп жатканын, бүгүнкү күнү кыш мезгилинде келген туристтерди кабыл алган конок үйлөр да иштеп, район үчүн жакшы жыйынтык болуп жатканын айтты.
Ошондой эле жолдун алыстыгына, кыштын суугуна карабай фестивалга кубө болуп келген конокторго ыраазычылык билдирип өттү.
Андан соң сөз, Германиянын элчилиги сөз берилди.
Ал мындай жаратылыштын кооздугуна таң калып, чынында кереметтүү жерди келип күбө болуп жатканына кубанып жатканын айтты. Бул аймак туризмди өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу жер болорун айтты.
Бул өткөрүлүп жаткан иш чара жогорку денгээлде болуп жатканын. Өзү баш болуп уюштурган район башчысы жана жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң, ЖК аппараты тарабынан көп убактан бери туризм менен иштеп келген жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошкон инсандар сыйланды.
Фестивалдын жүрүшүндө улуттук оюндар орун алып, көзгө атар мергенчилердин таамай атуусу,мүнүшкөрлөрдүн куш салуу, аркан тартышта жеңүүчүлөргө диплом жана белектер тапшырылды.
Андан соң, район акими фестивалдын өтүүсүнө салымын кошкондорго ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш чаранын соңунда иш чараны көрүүгө келген бардык конокторго Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайлоолордо туристтер менен иш алып барган конок үйлөр тарабынан атайын улуттук тамак аштар менен дасторкон даярдалды.
Белгилей кетсек, иш чаранын сценарийинде иш чараны көркүнө чыгаруу максатында атайын кышкы улуттук кийиидер менен келүү мерчемделип, катышуучулар жана коноктор ичик, элечек, тебетей, тон, чапан улуттук кийимдерин кийип келишкен.