НООРУЗ-КҮН МЕНЕН ТҮН ТЕҢЕЛГЕН КУТТУУ МАЙРАМ

Жаркыраган жаздын келиши менен эл күткөн Нооруз майрамы Ат-Башы районунун борбордук ачнтында жогорку деңгээлде белгиленди. Бул күндө эл-журт таза ниет менен чогулуп, майрамдык оюн-зоокко активдүү катышышты. Иш чаранын алкагында кыргыз элинин салттуу тамагы сүмөлөк кайнатылып, келген конокторго даам таратылды. Ошондой эле улуттук оюндар уюштурулуп, ыр-бийлер тартууланып, концерттик программа менен коштолду.

Нооруз майрамы-жыл сайын 21-март белгиленип, бул табияттын ойгонушун даңазалаган улуу майрам. Бул күнү күн менен түн теңелип, жаратылыш жаңырып, адамдардын жүрөгүндө жаңы үмүттөр жаралат. Нооруз майрамы элди тынчтыкка биримдикке, ынтымакка, достукка чакырган кыргыз элинин руханий байлыгы.

Жооп калтыруу