Нарын шаарында Нооруз майрамына арналган кароо-сынактарда Ат-Башы районунан катышкан өкүлдөр байгелүү орундарды камсыз кылышты.
“Мыкты кыргыз боз үйү” сынагынан эң мыкты деп Ат-Башы районунун боз үйү табылып, 120 000 сомдук сертификат тапшырылды. Ал эми “Мыкты сүмөлөк” кароо-сынагынан райондон 14 казан катышып, №17 казанга 3-орун берилип, 30 000 сомдук сертификатга ээ болду.
Ат-Башы районунан барган кол өнөрчүлөр”Эл мурасы” сынагында 2-орунду багындырып, 40 000 сертификат тапшырылды. Мындан сырткары спорттук оюндардан Ат-Башы районунун спортчулары Волейбол оюну боюнча 1-орунду Ат-Башы айылы 50 000 сом, 2-орун Кара-Суу айылы 30 000сомго ээ болушса, Ордо оюну боюнча 2-орунду 30 000 сомдун ээси болушту. Спорттун башка түрлөрүнөн да спортчулар байгелүү орундарга ээ болушуп, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.





