Жергебизде Нооруз майрамына карата салтка айланган сүмөлөк кайнатылып жатат. Бул ырыскыга толгон даамдуу тамак биримдиктин, берекенин жана жакшылыктын белгиси катары өзгөчө мааниге ээ. Аймагыбыздын тургундары чогулуп, казан башында ыр-күлкү, жакшы тилектер менен коштолуп, удаа келген айт майрамын да шаң менен тозуп жатышат. Даяр болгон сүмөлөк 21-март Нооруз күнү элге таратылып, ар бир адамга ооз тийгизилет.





