АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАТТООСУ 2026-ЖЫЛ ӨНҮККӨН АЙЫЛ ЧАРБА ӨЛКӨНҮН КҮЧҮ

2026-жылдын 2-мартында Ат-Башы  районунуда “Айыл чарбасын каттоо” өнөктүгү салтанаттуу түрдө старт берилди. Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев, райондук статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Б.Керимбеков, райондук айыл чарбасын каттоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоев жана каттоочулар менен биргеликте өткөрүлдү.

Бул каттоо айыл чарбасы менен алектенген ар бир адамга тиешелүү. Айыл чарба каттоосу Бириккен Улуттар Уюмунун статистикалык комиссиясынын сунушу менен жүргүзүлөт.

Айыл чарба каттоосу биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Айыл чарба каттосунун негизги максаты айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келген объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу жана айыл чарба секторунун өнүгүүсүнүн өзөктүү багытын иликтөө үчүн айыл чарбасынын курамдык жана социалдык өзгөрүүлөрүн аныктоо болуп саналат.

Райондун аймагында жайгашкан мамлекеттик айыл чарба жана жамааттык чарбалары, дыйкан (фермердик) чарбалары, айыл чарба өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары (жамааттык бакчалар жана огороддор) айыл чарбалык каттоого 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлөт.

Айыл чарбасын каттоо жердин ээлеринин жана категорияларын аныктоо үчүн жерди пайдалануу бөлүгү боюнча маалыматтарды документтик ырастоолор менен жүргүзүлөт.

Райондун калкынын саны 68842 адамды түзөт. 11785 үй чарбадан турат, анын ичинен райондун борбору Ат-Башы айылында 15319 адам жашайт. Район боюнча 5 айыл аймак, 19 айыл бар.

Ат-Башы район боюнча 3 координатордук бөлүм, 8 инструктордук бөлүм жана 47 каттоо участоктор уюштурулду. Каттоочуда жеке QR коду бар бейджиктер болот.

Каттоонун объекттери: Айыл чарба жерлеринин аянты; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты, короо-жай участогунун жер аянты; малдын жана үй канаттууларынын түрлөрү боюнча саны; айыл чарба техникасынын, жабдуулардын жана жүк ташуучу автоунаалардын болушу, башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге көрсөтүлгөн айыл чарба кызматтары болуп саналат.

Аул чарбасын каттоонун жыйынтыктары башкы пландарда жана агрардык саясатты иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу чечимдерди кабыл алуунун негизи болуп саналат.

Райондун айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча приоритеттүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн жарандарды ишенимдүү жана толук маалымат берүүгө чакырабыз. Сиздин катышууңуз бүткүл өлкөнүн өнүгүсүнө кошкон салымыңыз

 

Жооп калтыруу