АК-МОЮН АЙЫЛЫНЫН 20-ЖЫЛ МУРУНКУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ КЛАССТАШЫНА ҮЙ БЕЛЕК КЫЛЫШТЫ

Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы орто мектебин 2004-жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушуу кечеге бардык классташтары чогулуп, мектепте 11 жыл чогуу билим алган мүмкүнчүлүгү чектелген классташ баласына үй белек кылышты. Кеченин жүрүшүндө классташтар Айбек Мусаевдин үй-бүлөсүнө ак өргөнүн ачкычын белек кылып, куттукташты. Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин…

Толук окуу…

АК-МОЮН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ «КЫЛЫМ ПАРКЫ» УЮШТУРУЛДУ

Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылында «Кылым паркы» уюштурулду. Район акими Эмилбек Абдыкадыров айыл аймакта болгон иш сапардын жүрүшүндө аталган паркта болду. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Бирлик айылына 2018-жылы 5 гектар аянтты камтыган парк уюштурулуп, айланасы тосулуп, көчөттөр отургузула баштаган. Парк уюштурулган жылдан бери кара жыгач көчөтүнөн 2300 түп, Мырза терек 228…

Толук окуу…

РАЙОН АКИМИ Э.АБДЫКАДЫРОВ АК-МОЮН, БИРЛИК АЙЫЛЫНЫН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУШУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН УКТУ

11-июнда Ат-Башы райондук мамлекеттик администарциясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын эли менен жолугушуп, элдин көйгөйлөрүн укту. Жыйынга район акиминен сырткары укук коргоо органдарынын жетекчилери жана тармактар боюнча райондук мекеме жетекчилер катышты. Жыйында өзгөчө Ак-Моюн айылында сугат жер аянттарын сугаруу маселелери айтылса, Бирлик айылында электр энергияга тиешелүү…

Толук окуу…

КӨП ЖЫЛДЫК КӨЙГӨЙ ЧЕЧИЛҮҮДӨ

Бул убакытка чейин Ат-Башы районунун Баш- Кайыңды айылынын Ат-Башы дарыясынын жээгинде жайгашкан бир топ жерлерин суу жеп келген. Бул маселе боюнча Баш-Кайыңды айылынын калктуу конушун жээк эрозиясынан коргоо максатында 2023-жылы аталган аймакка суу тосмолорун куруу иши колго алынып, жалпы 7 суу тосмо (шпора) куруу боюнча 78 млн сомдук проект иштелип…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Ат-Башы айылында эки жеке менчик балдар бакчасы ачылып, өз ишмердүүлүгүн баштады.  Бул үй тибиндеги бала бакчалар «Өкмөттүк акселератор» программасынын алкагында 10 жана 15 орундуу болуп ачылды. «Кенч билим» бала бакчасы 2 жаштан баштап алса, «Наристе» бала бакчасы 6 айлыктан баштап кабыл атат. Ачылыш аземине Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын…

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА ЭЛ АРАЛЫК СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРУ ИШКЕ БЕРИЛЕТ

 

Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Булак участкасында заманбап ири интернет соода платформасы курулууда.
Район акими Эмилбек Абдыкадыров бул салынып жаткан соода аянтчасынан үзгүлтүксүз барпы кабар алып, район үчүн бул аянтча чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп, ар тараптан колдоо көрсөтүп келүүдө.
Бул жай ОсОО “Нарын Кургак Порт” эркин соода аянтчасы деп аталып, анда атайын товар сактоочу кампа (ангарлар) унаа базары, электр жабыдыктарын кураган ишканасы, тигүү цехи жана эт комбинаты ачылат.
Аны мамлекеттик “Кыргызпочтасы” ААК, “Кара-Булак” ЖЧК жана Шунси Лингин Ко” ЛТД ЖЧКсы тарабынан түзүлүүдө. Кара-Булак ишканасы 2015-жылдан тартып кулуш иштерин башталган.
Бүгункү күнгө чейин жалпы суммасы 50 миллион 550 мин сомдук инвестиция салынган. Тактап айтканда узундугу 15 километрди түзгөн электр зымдары тартылган. 9 км жерден суу тартылып келинген. Бугүнкү күнү экологиялык таза материалдардан мейманкана жана тамактануучу жай, иш алып баруучу иамараттар, эки чоң товарларды сактоочу жай, кичи соода орундары жана унаа базары, май куючу жай, толугу менен курулуп бүткөрүлдү. Июнь айынын аягында ачылышы пландалууда.
“Кара-Булак” ЖЧКсынын директору Эсенбек Өмүргазиевдин айтымында, бул соода аянтчасында Кыргызстанга кирген товарлардын бардыгы компаларга киргизилип, андан соң Кыргызстандын башка бардык аймактарына жана чет өлкөлөргө таркайт. Ошол эле учурда бул эркин соода аянтчасында беш миңден ашуун жумуш орундар түзүлүп, жумушчулардын үй-бүлөсүнө жатакана, бала бакча салынып, каттамдар уюштурулуп дагы башка шарттар түзүлөөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле ичинде банктын бөлүмдөрү дагы ачылууда.
Белгилей кетсек, “Нарын Кургак Порт” эркин соода аянтчасынан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджетке түшүп, райондун социалдык-экономикалык өсүүсүнө шарт түзүлөт.