АТ-БАШЫ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ СООДА БОРБОРУНУН АЧЫЛЫШЫ: ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДАГЫ ЧОҢ КАДАМ

2025-жылдын 6-сентябрында Ат-Башы айылынын жашоочулары үчүн чоң жаңылык болуп, ири соода борбору ачылды. Дордой ассоциациясы тарабынан жүргүзүлдү. Соода борборунун ачылышына Ат-Башы районунун акими  Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович да катышып, өз сөзүндө бул борбордун айыл үчүн канчалык маанилүү экенин белгиледи. Ал соода борборунун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш ордуларын түзүп, айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга чоң түрткү болоорун айтты.

 

“АТ-БАШЫДА АСФАЛЬТ-БЕТОН ЗАВОДУ КУРУЛУП БҮТКӨРҮЛДҮ”

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин демилгеси менен Ат-Башы районунда заманбап асфальт-бетон заводу курулуп бүткөрүлдү. Бул ишке мамлекет тарабынан 72 миллион сом бөлүнүп, заводдун курулушу толук мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды. Заводго алынып келинген техникалык жабдуулар заманбап стандарттарга ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө жаңы заводдо монтаждоо иштерин аягына чыгаруу, өндүрүштү ишке берүү иш…

Толук окуу…