АТ-БАШЫ: СОЦИАЛДЫК ЖАРДАМГА МУКТАЖ АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ КӨМҮР ТАРАТЫЛДЫ
Бүгүн 2026-жылдын 13-январында Ат-Башы районунун аймактарында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ-ӨЗБЕКСТАН темир жолун куруп жаткан компания тарабынан социалдык жардамга муктаж аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө көмүр отунан жардам көрсөтүлдү.