
2026-жылдын 20-февралында Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаровдун “Экономикалык кербен” аталышындагы долбоорунун алкагында Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда дубан башчысы Н.Сатаров, Нарын облусунун прокурору А.Кубатидинов, Нарын облусунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.Көчкөнов, Нарын облусунун казысы Н.Мамасабиров жана бир катар облустук мекеме жетекчилери катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө дубан башчы аймакта аткарылган социалдык-экономикалык иштер жана 2026-жылга мерчемделген иштер тууралуу кыскача маалымат берди. Мындан сырткары Теңир -Тоо өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып ишке ашкан долбоорлор жана жеңилдетилген 6% насыяларды алуунун жолдору тууралуу Элдик банк жана Айыл банктын жетекчилери маалымат беришти.
Ат-Башы районунун тургундары тарабынан социалдык-экономикалык көйгөйлөр, ирригация тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун сактоо, айыл чарбасын туура иштетүү сыяктуу бир катар суроолор берилип, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жана облус башчысы Н.Сатаровдон суроолорго жооп алышты.
