АЙЫЛ АЙМАКТАРДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР ЖЕРИНДЕ КАРАЛДЫ
2026-жылдын 7-февралында Ат-Башы районунун акими М.Шербаев тарабынан райондун айыл аймактарындагы жаралган көйгөйлүү маселелер жеринде каралып, айыл өкмөттөрүнө жана тиешелүү органдарга аларды четтетүү боюнча тапшырмаларын берди. Кыдырууда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жибек-Жолу калктуу конушундагы (Кирпичный аймагындагы) кооптуу участок катары эсептелинген Ат-Башы дарыясынын жээгин бекемдөө, суу ташкындарынан алдын алуу боюнча чараларды…