4-декабрь Кыргызстанда “Манас эпосунун күнү” майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты- Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө Манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга колдоо көрсөтүү. Эпос 3 бөлүктөн турат “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” орто эсеп менен жарым миллион ыр саптан турат. Негизги бөлүгү Манас баатырдын эрдиктери камтыган. Баатырдын эпопея болгон чыгарма, генеологиялык циклдештирүү негизде түзүлүп, көчмөн кыргыз элинин жашоосун, көз карандысыздыкка мамлекеттүүлүктү орнотууга болгон күрөшүп, кыргыз маданиятынын тиричилигин өзгөчөлүктөрүн айтып берет.
Белгилүү дүйнө эпосторунан көлөмү боюнча чоң болгондугу таң калыштуу деле эмес. Манастын дагы бир өзгөчөлүгү, ал элдик оозеки чыгармачылыктарга кирип, дагы деле өнугуп өсүп жаткан кези, тирүү эпос десек да болот. Бүгүнкү күндө эпостун 80ден ашык варианты жазылып, Улуттук Илимдер Академиясынын фондунда сакталып турат.
“Манас” эпосу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын, тулку боюна сиңирип, ыймандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоопкерчилик,үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө кирет. Манас эпосунун күнү белгилөөдө Кыргыз Манасчыларынын бул жаатта дагы салымы зор, анткени алар байыркы салтты сактап көп жылдан бери урпактарга өткөрүп келүүдө. 20-кылымдын атактуулары Саякбай Каралаев жана Сагынбай Орозбаковдун айтуусунан эпостун негизги трилогиясы жазылып алынган, калган варианттарын башка манасчылардан жазылган. Кинотасмалар тартылып, эпос 13 тилге которулган. Манас эпосу башка элдердин нравалык жана көркөм мурас чыгармалары сыяктуу эле, жакшылык менен жамандык, адамкерчилик жана гуманизм, чыдамдуулук жана достук, өзүн-өзү жакшыртуу, жакын адамга болгон сүйүү темаларына бай. Манас эпосу ЮНЕСКО уюмунун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирип (2013), Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген. 1994-жылы БУУнун генералдык ассемблеясы Манас эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү бүткүл дүйнөлүк резолюциясын кабыл алып, 1995-жылы салтанат Талас облусунда өткөрүлгөн. “Манас -1000” алтын ордени жана алтын медал уюшулуп, 2 тарыхый-этнографиялык комплекс курулган.




