Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрелинде Ат-Башы районундагы “Той” мейманканасында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан тоолуу аймактардагы калктын экономикалык өсүшүн күчөтүү жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин жеңилдетүү жаатында өкмөткө көмөк көрсөтүү максатында семинар өткөрүлүп, анда климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында кургакчылыктын алдын алуу жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу маселелери кеңири каралды. Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү О.Гучгельдыев, Эл аралык табигый ресурстарды башкаруу (НРМ) жана ГИС эксперти Фабио Грита, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы У.Акматов, райондук айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жайыт жана жер адистери, жергиликтүү тургундар катышты.
