АТ-БАШЫ: ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНА 40 ЖЫЛ

Бүгүн, 2026-жылдын 24-апрелинде Ат-Башы районундагы Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын 40 жылдыгына карата эскерүү кечеси уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер, жаштар жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек 1986-жылы дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Чернобыль апааты адамзат тарыхындагы эң оор техногендик кырсыктардын бири болуп эсептелет. Бул апааттын кесепеттери бүгүнкү күнгө чейин унутта калбай, экологияга, адамдардын ден соолугуна жана келечек муунга чоң таасирин тийгизип келет. Аталган каргашалуу окуяга Кыргызстандан 3000ден ашуун эр азамат катышкан. Анын ичинен Ат-Башы районунан 24 адам катышып, бүгүнкү күндө 10 адам жашап келет.

Жооп калтыруу