ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК-БУЛ КООМДУН ЭҢ ООР ЖАНА ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮНҮН БИРИ

Ат-Башы районунун прокуратурасынын демилгеси менен 2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 30.01.2026-жылдагы №1 сандуу чечимин аткарууну уюштуруу максатында ведомстволор аралык жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондун прокурору, райондук мамлекеттик администрациянын, РИИБнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек,миграция жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, мектептердин жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, социалдык адистер катышып, анда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жаатындагы ар бир мамлекеттик органдын жана түзүмдүн ыйгарым укуктары, функциялары, аткарган иштери бул багыттагы мыйзамдардагы жана ченемдик укуктук актылардагы укук колдонуу практикасы талкууланды. 

РИИБнүн берген маалыматына ылайык 2026-жылдын 1-чейрегинде жалпысы 20 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2ге азайгандыгы белгиленди. 

Ошондой эле берилген коргоо ордерлеринин талаптарынын так сакталышын камсыз кылуу, “Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү методикасын” колдонуу, “Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү түзөтүүчү программасын” колдонуу боюнча маалыматтар угулду.

Жыйынга катышкандар тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча сунуш, пикирлер айтылып, алар кызуу талкууланды. Берилген маалыматтарды, аткарылган иштерди, сунуштарды талкуулоонун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамында көрсөтүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш жүргүзгөн тийиштүү органдардын (субъекттердин) жетекчилерине мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарды колдонуу менен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында зарыл болгон иш-чараларды такай жана натыйжалуу жүргүзүүсү милдеттендирилди.

Жооп калтыруу