2026-жылдын 20-апрелинде Ат-башы районунун борбордук аянтында аймакта жумушсуздукту азайтуу жана жарандарды туруктуу иш менен камсыз кылуу максатында бош орундар жарманкеси өткөрүлдү. Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Р.Жумалиев, “Торугарт” эл аралык соода-логистикалык компаниясынын башчысы Н.Досанов, райондук мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чараны райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулдуу.
Белгилей кетсек Ат-Башы районунда бош орундар бар мекеме-ишканалар жана жеке ишкерлер тарабынан берилүүчү жалпы 759 жумуш орундар бар. Анын ичинен Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолуна 688, мамлекеттик жумуштар 34, жеке ишкерлер тарабынан 37 жумуш орундары саналган. Иш берүүчүлөр өздөрүндөгү бош жумуш орундарын сунуштап, талапкерлерге жумуш шарттары жана талаптары тууралуу кеңири маалымат беришти.
