2026-жылдын 28-май күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында “Билим” олимпиадасында алдыңкы орундарды камсыз кылган окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Райондогу 20-мектептин окуучуларыкатышкан олтмпиадада мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн 8 окуучу жеңүүчү аталып, аларга дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлыктарды Ат-Башы районунун акими Мухтар Шербаев өзү тапшырып, окуучуларды жеңиши менен куттуктады. Ошондой эле жаштарга билим алуу жолунда ийгиликтерди каалап, келечекте район сыймыгы боло турган инсандардан болушарына ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, мындан ары “Билим” олимпиадасы жыл сайын өткөрүлүп, райондогу окуучуларды билимге шыктандырып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Мындай билим таймаштары жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги ийгиликтерине дем берет.
Ошондой эле Нарын облусундагы “Коопсуз мектеп-спнприптик чөйрө” аталышындагы облустук кароо-сынакта 3-орунду камсыз кылгандыгы үчүн К.Мамбеталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Токтакунов Уланбек жана Кыргыз киносунун 85 жылдыгына карата уюштурулган “Ата-эненин түйшүгү” аттуу кыска метраждуу кино тасмалар конкурсунда баш байгени жеңип алгандыгы үчүн Ой-Терскен жалпы билим берүү мектебинин директору Муталипов Мирбек Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланышты. Сыйлык ээлерине мындан аркы иштерине ийгиликтер кааланып, билим берүү жана маданият тармагындагы жетишкендиктери жогору бааланды.
