
2026-жылдын 30-июлунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев райондогу жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Ошондой эле сыйлык ээлерине Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын атынан баалуу белектер ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыгына ылайык Ат-Башы районунан 18 эне “Баатыр эне” ордени, ал эми 22 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш чарада район акими М.Шербаев энелерди жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктап, үй-бүлөнү куту, коомдун тиреги болгон энелердин эмгеги, сабыры жана келечек муунду тарбиялоодогу орду баа жеткис экендигин белгиледи. Ал мамлекет тарабынан энелерге көрсөтүлүп жатканмындай сый урмат алардын коом алдындагы зор эмгегине берилген жогорку баа экенин айтып, ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, ынтымак жана бейпил турмуш каалады. Иш-чаранын жүрүшүндө Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери сыйлык ээлерине арналган концерттик программа тартуулап, энелерге жагымдуу майрамдык маанай тартуулашты.
