САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО БОЮНЧА 2026-ЖЫЛДЫН II КВАРТАЛЫНА КАРАТА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 31-июль күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондук саламаттык сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын мүчөлөрү, айыл аймактардын медициналык кызматкерлери, айыл башчылар жана ветеринардык кызматкерлер катышты.

Кеңешменин күн тартибинде Ат-Башы районунда эмдөө иштеринин 6 айлык аткарылышы тууралуу маалымат жана райондогу эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын алдын алуу боюнча 2026-жылдын II кварталындагы жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы каралды.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мекемелер тарабынан аткарылган иштер боюнча видео баяндамалар угулуп, эмдөө иштеринин сапатын жогорулатуу жугуштуу жана мите курт ооруларын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү мекемелер арасындагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.

 

Жооп калтыруу