АТ-БАШЫ РАЙОНУНДАГЫ ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНДОРУ ТОЛУК ТАРТИПКЕ КЕЛТИРИЛЕТ.

Ат-Башы районунун аймагындагы баардык таштанды полигондорун экологияоык талаптарга ылайык тартипке келтирүү боюнча кеңири иштер жүрүп жатат. Жыл соңуна чейин бардык полигондордо рекультивация иштери жүрүгүзүп, жол боюнда жайгашкан Кара-Суу, Кара-Булуң, Ак-Жар, Ача-Кайыңды жана башка таштанды жайлары жабылып  жаңы белгиленген аймактарга көчүрүлөт. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев район аймагындагы таштанды полигондорун жеринен текшерүү учурунда билдирди.

Учурда Кара-Суу, Кара-Булуң, жана Ак-Жар айылдарындагы таштанды полигондорунда рекультивация иштери этап-этбы менен жүргүзүлүп, жаңы жайларга көчүрүү иштери башталган. Ошондой эле Казыбек жана Ача-Кайыңды айылдарында жаңы полигон ачуу маселеси райондук комиссия тарабынан каралууда. Мындан ары ар бир таштанды полигону заманбап талаптарга жооп берген жооп берген шартта уюштурулуп, айланасы тосулуп,видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул мыйзамсыз таштанды төгүүлөрдүн алдын алып,айлана-чөйрөнүү коргоого жана санитардык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

 

Жооп калтыруу