АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА 6 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

2026-жылдын 6-августа Ат-Башы райондук мамлекеттик  администрациясында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Коллегиянын күн тартибинде Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2026-жылдын 6 айына карата ар бир тармактын ишмердүүлүгүнө объективдүү баа берилип, мамлекеттик программалардын аткарылышы инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, социалдык камсыздоо жана башка багыттар боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары каралды.

Жыйындын жүрүшүндө жооптуу жетекчилер тарабынан баяндамалар жасалып, биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттер белгиленип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жыйындын соңунда район акими М.Шербаев жооптуу жетекчилерге жүктөлгөн милдеттерди өз убагында аткарууну камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Жооп калтыруу