“ӨТКӨНДҮ УНУТПАЙЛЫ, ЭРКИНДИКТИ ЫЙЫК САКТАЙЛЫ”

2026-жылдын 7-августунда Ат-Башы районундагы Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук модельдик-инновациялык китепканасында тарыхый эс тутумду жаңыртууга эгемендүүлүктүн баалуулугун даңазалоого багытталган.”Өткөндү унутпайлы, эркиндикти ыйык сактайлы” аттуу эскерүү кечеси өткөрүлүп, бул иш-чара 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондун улуу муундагы аксакалдары, Бирлик айылындагы С.Мырзакматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин, Кара-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары, китепканачылар жана активдүү окурмандар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан тарыхый темадагы көркөм окуулар тартууланып, Үркүн окуясына арналган маалыматтар айтылды. Каза болгон ата-бабаларыбызга арналып куран окулуп, эскерүүлөр бөлүшүлдү. Китепканада тарыхый окуяларга жана эгемендүүлүк жылдарына арналган китеп көргөзмөсү да уюштурулду. Улуу муундун өкүлдөрү жаштарга кайрылып, тарыхты билүү-өткөндү гана эскерүү эмес, келечекти туура куруунун негизги шарттарынын бири экенин белгилеп, ата-бабалардын басып өткөн жолун урматтап, элибиздин ынтымагын жана биримдигин бекем сактоого, мекенди сүйүүгө чакырышты.

Жооп калтыруу