2026-жылдын 7-февралында Ат-Башы районунун акими М.Шербаев тарабынан райондун айыл аймактарындагы жаралган көйгөйлүү маселелер жеринде каралып, айыл өкмөттөрүнө жана тиешелүү органдарга аларды четтетүү боюнча тапшырмаларын берди. Кыдырууда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жибек-Жолу калктуу конушундагы (Кирпичный аймагындагы) кооптуу участок катары эсептелинген Ат-Башы дарыясынын жээгин бекемдөө, суу ташкындарынан алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу боюнча тапшырмасын берди.
Андан соң ошол эле Жибек -Жолу калктуу конушуна таза суу менен айыл тургундарын камсыз кылуу боюнча долбоору жеринде каралып, чыкты. Мындан сырткары Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар учаткасында жайгашкан таштанды полигонунун (таштанды төгүүчү жайдын) абалы толук каралып чыгып, жаңы полигон ачуу боюнча тез арада жер маселесин таап, мыйзамдаштыруу боюнча маселе жеринде каралды. Ошондой эле турмуш шарты оор, Калинин айылынын тургуну Абдыкеримова Назгүлдүн үй-бүлөсүнөн кабар алып, таза суу жеткирүү боюнча маселени жеке көзөмөлгө алып, кышка карата 1 тонна көмүрү сатып алууга материалдык жардам берилди. Ошондой эле, бул үй-бүлөнү жеке өзү шефтикке алаарын билдирди.
