Айыл аймактардын 2026-жылга карата бюджети боюнча жыйын өткөрүлүп, анда жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү кенири талкууланды.
Жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев, айыл өкмөтүнүн башчылары, айылдык кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышышты.
Талкуу жүрүшүндө айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында быйылкы жылга карата каралган негизги багыттар каралды.
Атап айтканда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жолдорду оңдоо, таза суу менен камсыз кылуу, жаңы имараттарды куруу жана башка жергиликтүү маанидеги иштерге каражат бөлүү маселелери каралды. Мындан сырткары, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, жергиликтүү салыктарды жана төлөмдөрдү туура чогултуу жана инвестиция тартуу боюнчасунуштар айтылды.
