АК-МОЮН АЙЫЛЫНЫН 20-ЖЫЛ МУРУНКУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ КЛАССТАШЫНА ҮЙ БЕЛЕК КЫЛЫШТЫ

Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы орто мектебин 2004-жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушуу кечеге бардык классташтары чогулуп, мектепте 11 жыл чогуу билим алган мүмкүнчүлүгү чектелген классташ баласына үй белек кылышты.
Кеченин жүрүшүндө классташтар Айбек Мусаевдин үй-бүлөсүнө ак өргөнүн ачкычын белек кылып, куттукташты.
Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Жылдыз Жантелиева да катышып, район башчысынын куттуктоосун жолдоп, Айбек Мусаевге администрациянын чакан акчалай белегин берип, кайырмдуулук иш жасап классташын кубанткан жалпы бүтүрүүчүлөргө “Ыраазычылык кат” тапшырды. Бул саамалык жалпы район элине үлгү болоорун, кийинки муун дагы дал ушундай иштерди улантып кетээрине ишеним артып, иштерине ийгилик жана бактылуулук каалады.
Ал эми Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек жалпы бүтүрүүчүлөрдү майрамдык кечеси менен куттуктап, үйлүү болгон А.Мусаевга чакан белегин тартуулады. Бул жакшы иштер кийинки жылдык өткөрө турчуларга шык болорун баса белгилеп өттү.
Уйлүү болгон классташы жана анын апасы кубануу менен кабыл алып, жалпы классташтарына ырахматын билдирди.
Айыл тургундары да бул саамалыкты уюштурган жалпы бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык айтып, ак баталарын берип өтүштү.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрацияынын маалымат кызматы

Жооп калтыруу