АКЫЙКАТЧЫ АТ-БАШЫ ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2026-жылдын 13-февралында Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жаманбаева Жамиля Акматбековна баштаган “Укук Кербени” аталышындагы жумушчу топ Ат-Башы районунун жергиликтүү эли менен жолугушту.

Жолугушууга Ат-Башы районунун акими М.Шербаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары А.Назаралиева, Нарын облусунун прокурорунун орун басары Г.Кашкарова, райондун прокурору К.Нуруллаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү эл катышты.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгү тууралуу жана “Укук Кербени” аталышындагы жумушчу топтун максаты-адам укуктарын коргоо, укуктардын сакталышын көзөмөлдөө, калкка, өзгөчө алыскы аймактарга юридикалык жардам көрсөтүү экендигин баса белгиледи.

 

Жооп калтыруу