АТ-БАШЫ: ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА ЭРКИН КҮРӨШ МЕЛДЕШИ

2025-жылдын 22-ноябрында Ат-Башы районундагы С.Андабеков атындагы маданий-спорт комплексинде эркин күрөш боюнча балдар жана кыздар арасында облустук мелдеш өттү. 

     Турнирге Нарын облусунун райондорунан 550дөн ашык өспүрүм спортчулар келип, топтогон чеберчилигин көргөзүп таймашка чыгышты. Кочкор, Акталаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунун балбандары килем үстүндө 25 (балдар 17, кыздар 8) салмактуу чен бирдик боюнча күрөшүштү. Ар бир салмактагы балбандын жеңиши өз командасына упай болуп жазылды. Мелдеште  23, 25, 27, 29, 32, 35, 38, 41, 40, 45, 50, 55, 60, 65, 71, салмак категорияларында беттештер орун алды. Байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар М.Өмүракунов атындагы спорт мектеби тарабынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.

      Мелдештин негизги максаты: окуучулар арасында эркин күрөш спорт түрүн өнүктүрүү жана жаштардын  спортко кызыгуусун арттыруу, эркин күрөш менен машыгып жаткан жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашууга шарт түзүү, райондор аралык мектеп окуучулардын ынтымагын бекемдөө болду.

      Облустук чоң маштабдуу мелдешти уюштуруу Ат-Башы районунун спорт мектебинин машыктыруучуларына милдеттендирилген.

      Мындай спорттук иш-чаралар менен өспүрүмдөр кийинки муунду дени сак жашоого гана эмес, келечекте дүйнөлүк аренага жол ачкан маанилүү баскыч болуп саналарын баса белгилешет.

 

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Жооп калтыруу